Коронавируска каршы вакцина алуу боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 160-орунда

Кыргызстан COVID-19га каршы эмдөө боюнча дүйнөдө 160-орунда турат. Бул тууралуу Британиянын The Sunday Times басылмасы билдирет.

Маалыматта Кыргыз Республикасында 174 миң эмдөө өлкөнүн тургундарынын 1,5 пайызына жасалганы айтылган. Дүйнөлүк эмдөөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан Либерия менен Ирактын ортосунда. Эң начар абал Африкада — Сомалиде, Нигерияда жана Чадда. Ошондой эле Сирия жана Йемен сыяктуу жарандык согушка кабылган мамлекеттерде да абал начар.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча, эмдөө башталгандан бери өлкөдө 121 601 адам эмдөөдөн өткөн.