Коронавирустан жарым жыл мурда каза болгон Жамал Тазабекованын жакындарына компенсация берилбей жатат

Өлкөдө коронавирус катталгандан бери 93 медицина кызматкери көз жумду. Алардын 80и мамлекеттик ооруканаларда, 13ү менчик бейтапканаларда иштегендер. Көз жумгандардын арасында дарыгерлерден тартып, орто жана кенже медициналык кызматкерлерге чейин бар.

Бирок Жамал Тазабекова сыяктуу Ички иштер министрлигинде жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенип, иш үстүндө вирус жуктуруп алып, ошонун кесепетинен каза болгондорго компенсация төлөнөөрү же төлөнбөстүгү ушул күнгө дейре чечилбей жатат. ИИМден бул маселе дале болсо каралып бүтө электигин айтса, Саламаттыкты сактоо министрлигинен компенсация ИИМ дарыгерлери үчүн өзүнчө экенин айтышууда.

Материалды толугу менен Жаңылыктар-SuperTV Ютуб каналынан жана SuperTV телеканалынан көрө аласыздар.