8-декабрга карата каза болгон 30 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнүн ар бирине 1 миллион сомдон төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты. Ага ылайык, жогорудагы компенсация төлөмдөн тышкары 608 медициналык кызматкер 200 миң сомдон алышкан. Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда.
«Акчаны тамак-ашка араң жеткиребиз» дейт 2019-жылы 3 эм төрөгөн келин
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 37 жаштагы Айгүл Аккулуева кайрылып, 2019-жылы 16-ноябрда Ошто 3 эм кыз төрөгөнүн айтты. Анын айтымында, кыздарына...