Коронавирустан каза болгон алып баруучу Алексей Филатов вакцина алган эмес

Коронавирустук пневмониядан көз жумган алып баруучу Алексей Филатов коронавируска каршы вакцина алган эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, алып баруучунун аты-жөнү вакцина алгандардын базасында жок.

Белгилүү алып баруучу Алексей Филатов 12-сентябрда оорудан улам каза болду. Анын буга чейин пневмониядан улам ооруканада оор абалда жатканы маалымдалган эле. 13-сентябрда аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты шаардык өлүкканада өттү. Анын сөөгү Чыгыш айылындагы көрүстөнгө коюлду.