Кыргызстанда 2021-жылы коронавирусту 103 миң 592 адам жуктуруп алганы аныкталып, аталган илдеттен 1446 киши каза болгону катталган. Алардын жарымынан көбү жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар болгонун коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан маалымдашты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, республика боюнча адам өлүмүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган.
Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү 0-6 жаштагы балдар арасында белгиленген. Бирок 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19ду жуктуруунун натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында өлүм учурлары расмий түрдө катталган.
Адам өлүмүнө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында катталган.
Адам өлүмү, ошондой эле коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнесе Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн 1,75; 1,5 жана 1,2 эсе ашык болгон.
Кеч кайрылуу
— бардык катталган учурлардын 45 пайызы адамдар оору башталган соң 5 күндөн кийин кайрылышкан.
Өнөкөт оорулардын болушу
— бейтаптын жаш курагы канчалык жогору болсо, өнөкөт оорулар ошончолук көп болот. 60 жаштан жогору адамдарда 4 жана андан ашык ар түрдүү өнөкөт оорулары болот. Мисалы, жүрөк-кан тамыр оорулары, шишиктер, эндокриндик системанын оорулары (кант диабети, семирүү), дем алуу жана тамак сиңирүү системаларынын оорулары, бул коронавирус инфекциясынын оор өтүшүнө жана ар кандай татаалдашууларга алып келет.
Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун арасында эң көп кездешкен үч өнөкөт оору:
1⃣ Жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65 пайызы)
2⃣ Боор оорулары (20 пайызы)
3⃣ Кант диабети (15 пайызы)