Коронавирустан улам Бишкектеги мектептердин биринде карантин жарыяланды

Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылганын вице-мэр Виктория Мозгачева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, билим берүү мекемесинде оору жуктурган эки адам аныкталган. «Ошондуктан алгоритм боюнча мектепти карантинге жабууга туура келди. Ал жерде мугалим менен окуучу ооруп калды. Бирок алар байланышкан эмес, ал жерде очогу жок», — деди ал.

Мындан тышкары, шаардын мектептериндеги 3 класс онлайн режимге өткөрүлгөнүн айтты.