Коронавирусту 308 адам жуктуруп алганы аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде коронавирусту 308 адам жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы саны 96 миң 60 кишини түздү.

Бир сутка ичинде жалпысынан 258 бейтап айыкты. Жалпы айыккандардын саны 89 миң 719 адамга жетти.
Коронавирус илдетинен 7 киши каза болду, Бишкекте — 4, Чүй облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 1 өлүм катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны – 1619 адам.