Коронавирусту эң көп жуктургандар Нарындабы?

Август айынын башына карата Кыргыз өлкөсүндө 2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринен Вирустук инфекцияларды текшерүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө калктын иммунитетин иликтөө боюнча изилдөөнүн биринчи баскычы аягына чыкты. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, калктын 30 пайызынан ашууну коронавирус илдети менен симптому жок оорушкан. Калган 70 пайызында коронавирустун симптомдору болгон. Алардын 22 пайызы гана ооруканага кайрылып кайрылган, ал эми алардын ичинен 6 пайызы эле бейтапканага жаткырылган.
Нурматовдун айтымында, Жалал-Абад облусунда калктын 13 пайызы, Баткен менен Ошто калктын 15 пайызы, Нарын облусунда калктын 62 пайызы, ал эми Бишкек шаарында тургундардын тең жарымы коронавируска чалдыккан.