Коронавирустун үчүнчү толкуну. Орундар жана дары-дармектер тартыш болбошу керек

Республикалык штабда эпидемиологиялык абалдын начарланышы талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жыйында стационардык мекеме, резервдик орун, дары-дармек маселеси каралган.

«Коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелерде жетиштүү сандагы негизги жана резервдик орун болушун ар дайым көзөмөлдөп туруу керек. Ошондой эле дары-дармектердин жетишсиздиги болбошу керек», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова.

Анын айтымында, калкты масштабдуу эмдөө COVID-19га каршы күрөшүүнүн негизги чарасы бойдон кала берет. «Орусиядан вакцинанын кезектеги партиясы келди. Эпидемиологиялык кырдаал бир кыйла начарлап кеткен аймактарга жана шаарларга жиберилиши керек. Ошол эле учурда, биз жарандарды коопсуздук чараларына жана каралган санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырабыз. Кырдаалдын начарлашына даяр болушубуз керек», — деди ал.