Коронавирустун кесепетинен Бишкектеги 15 мектеп толук онлайн окутууга өттү

Окуучулардын арасында COVID-19 менен ооругандар катталгандыктан Бишкек шаарында 15 мектеп толугу менен онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Акматова брифингде маалымдады.

Анын айтымында, дагы 14 мектепте айрым класстар аралыктан окуп жатат. Акматова ырастагандай, учурда шаарда 45 окуучу жана 24 мугалим COVID-19 илдети менен ооруп жатат.

Мектептердин баары 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу толук жабылган. Кийин аймактардагы мектептер ишин улантып, Бишкекте жарым-жартылай салттуу ыкмада окуу башталган. Бишкекте муниципалдык 97 орто мектеп бар.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандар көбөйүүдө. Алардын көбү Бишкек менен Чүйдө. Бул оору жалпысынан 93 миңден ашуун адамга жукту, алардын ичинен 1,5 миңдей бейтап каза болду.