Коронавирустун үчүнчү толкуну май айынын аягына, июнь айынын башына туш келет

Коронавирустун үчүнчү толкуну май айынын аягына, июнь айынын башына туш келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Парламентаризм сабактарынын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, буга COVID-19дун антителолору 8 айдан 1 жылга чейин созулгандыгы себеп. «Калктын негизги бөлүгү коронавирус менен 2020-жылдын июнь-июль айларында ооруган. Айрымдары жеңил түрүндө ооруп, антителолору аз болгон. Алар алып жүрүүчү болуп саналат жана башкаларга жугушу мүмкүн. Ушул себептен биз профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Бейшеналиевдин айтымында, бул жолу мурунку каталар кайталанбайт. Бардык ооруканаларда 2-3 айга чейин дары-дармектердин запасы бар. Мындан тышкары ал учурда коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалады.