Коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов муфтияттын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 27-август күнү Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы курулган баш кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Ага президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, Жогорку Кеңештин депутаттары, ДИМК төрагасы Тойгонбай Абдыкаров, муфтий Замир кары Ракиев, коррупция беренеси боюнча соттолгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов катышты.

«Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу курулуп, ачылып жаткан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы имаратын куруу “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондуна жана анын төрагасы Райымбек Матраимовго буйруган экен. Райым иним башынан аягына чейин баарын өзү көзөмөлдөп, 10 айдын ичинде имараттын курулушу аяктап, ачылыш аземи болуп олтурат», — деп жазды агасы, депутат Искендер Матраимов.

Буга чейин Райымбек Матраимовдун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына имарат куруп берери коомчулуктун талкуусуна түшкөн болчу.

2020-жылы УКМК Райымбек Матраимовго бажыдагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 2021-жылы ал коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурулганы, тагыраагы 2 миллиард сомду бюджетке которгону маалымдалган