Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

«Жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз.

Урматтуу айдоочулар, жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында сиздер да коррупциялык элементтерге себепчи болбоңуздар», — дешти.