Корумду-Балбай жолунун курулуш иштери башталды. Ага кеткен акчаны кимдер берет?

“Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери башталды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Транспорт министри Тилек Текебаев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана башка кызматкерлер менен жергиликтүү тургундар катышты.

Акылбек Жапаров: «Бүгүн биз бул жолдун курулушун баштайбыз. Президенттин алгачкы тапшырмаларынын бири Ысык-Көлдү айланып өтүүчү эл аралык стандартка жооп берген жолдун курулушу болду. Бул жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөт. Бул каражаттарды бизге өнөктөштөрүбүз: Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору берет. Президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан биздин өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Анын ичинен 1,1 миллиард сом бюджеттен бөлүнгөн», — деди.

Курулуш мөөнөтү 2024-2027-жылдарга белгиленген унаа жол төрт тилкелүү болуп, тротуар, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтөрдүн курулушу менен реконструкциялоо жумуштары каралган. Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат. Мындан тышкары, долбоордо жолду жашылдандыруу да каралган. Алдыда кыйылган бак-дарактардын ордуна 1:3 катышта жаңылары отургузулмакчы.