Кош бойлуу айымдар коронавируска каршы вакцина алса болобу?

Эксперттер тобокел тобуна кирген кош бойлуу аялдарга коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү сунушташат. Бул тууралуу Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору Арсен Аскеров бүгүн, 12-июлда брифинг учурунда билдирди.

Тобокел тобуна кимдер кирет:

— ашыкча салмак менен жабыркаган кош бойлуу аялдар;

— диабет;

— гипертония;

— жүрөк оорусуна чалдыккандар;

— жашы 35тен жогору адамдар.

Кош бойлуу аялдар кайсы учурда коронавируска каршы вакцина албашы керек:

— дары-дармекке жана вакцинага аллергиясы болсо;

— COVID-19 менен ооруп жатса;

— коронавирустан айыккан адамдын канынын плазмасы менен дарыланса;

— коронавируска каршы антителосу бар болсо;

— тромбоз пайда болуу коркунучу болсо.

«Ошондой эле эксперттер кош бойлуу болуунун алдында жана өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдарга (кош бойлуулуктун 20-22-жумасынан кийин) вакцина алууну сунушташат», — деди Аскеров.