Кош бойлуу аял менен бала эмизип жаткан аял орозо кармаса болобу?

30 күндүк орозо кармоого дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды жана эрежелерди аткаруусу керек? Орозо кимдерге сунушталбайт? Эмнеге уруксат берилип, эмнеге тыюу салынат? Орозо кайсы учурда бузулуп, кайсы учурда бузулбайт? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев жооп берди.

«Кош бойлуу аял менен бала эмизип жаткан аял орозо кармаса болобу дегенге дарыгер кеңеш бергени жакшы. Эгер орозо кармоого кош бойлуулугуна зыян келтирсе кармабай койсо уруксат, бирок көз жарган соң кармашы керек болот. Сүт эмизген эне деле эгер тамак жебей койсо, сүт келбей калса кармабай кое берет. Баласы чоңойгон соң кармашы керек болот»,- деди ал.