Кыргызстандагы кош бойлуу аялдар кайсы медициналык жардамды акысыз ала алышат?

Бардык кош бойлуу аялдар стационардык жана амбулатордук деңгээлде акысыз медициналык жардам алууга укуктуу. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. 

Фонд мамлекеттик кепилдиктер программасы кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган, төрөткө келген, төрөттөн кийинки мезгилде (төрөттөн кийин 10 жуманын ичинде), ошондой эле кош бойлуулуктун патологиясы бар аялдар стационардык дарыланууда, социалдык-медициналык себептерден улам боюнан алдыруу үчүн стационардык жана амбулатордук деңгээлде акысыз медициналык жардам алууга укук берет. «Кесарево операциясы Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүүчү бекер медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кирет, ошондуктан ар бир төрөт үйүнүн жетекчиси дары-дармектерге, анын ичинде анестезияга дайыма мониторинг жүргүзүп, операциялык бөлүмдөрдү үзгүлтүксүз камсыздоого милдеттүү», — деди фонддун бөлүм башчысы. 

Камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бир жылдык мөөнөткө акысыз Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин ишке ашырат, бул аларга амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармектерди үй-бүлөлүк дарыгерлердин рецепттерин алууга жардам берет (фолий кислотасы, йод препараттары, анемияга каршы дарылар жана башка).

Медицина кызматкерлеринен расмий эмес төлөмдөрдү талап кылган учурда жана суроолоруңуз болсо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 ишеним телефонуна чалыңыз (акысыз), иш убактысы саат 9:00дөн 18:00гө чейин.