«Баламды эч кимге бербейм». Ымыркайын таштандыга таштаган келин уулунан баш тартпарын айтты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева таштанды челектен табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, бала шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде дарыланууда, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бул ишке шектүүнү милициялар кармаар замат 1-тергөө абагына барып, кармалган аялдын кармоо шарттары менен таанышкан. Бирок кызматкерлер барган учурда ал ооруканага операция жасатуу үчүн кеткени белгилүү болгон. Ооруканага барган Институттун кызматкерлери аял менен маектешти. Ал өзүнүн версиясын айтып берди.

Келиндин айтымында, баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөн. Кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөн. Анын айтымында, катуу коркуп жана стресс абалында баланы таштанды челекке таштап салган.

Кылмыш жасоого шектүү аял баланын атасы ким экенин тууралуу маалыматты айтып берүүнү каалаган жок. Бирок баланын атасы ким экенин биле турганын айтты. “Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат”, — деди ал.