Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жалал-Абаддагы тергөө абагына барды. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.
Жалал-Абаддагы тергөө абагы жаңы салынып, 2023-жылы колдонууга берилген. Тергөө абагынын имаратында кармоо шарттары талапка жооп берет. Акыйкатчы барган учурда тергөө абагында 157 айыпталуучу жана соттолгон адам болсо, анын 11и аял, 7 жашы жете элек өспүрүм жана 140ы эркектер болгон. Тергөө абагы 200 адамга ылайыкташтырылган. Акыйкатчы бир нече камерага кирип, кармалып тургандар менен баарлашты. Алар тергөө абагынын кармоо шарттарына нааразычылыктарын билдиришкен эмес.
Жамиля Жаманбаева аялдар отурган ар бир камерага кирип, баарлашып чыкты. Кармалгандардын арасында боюнда бар келин да болгон. Акыйкатчы тергөө абагынын жетекчисине боюнда бар келиндин укугунун сакталышына көңүл бурууга чакырды. Андан тышкары, Акыйкатчы тергөө абагында кармалып турган ар бир өспүрүм менен баарлашты. Өспүрүмдөр өзүнчө эки камерада кармалып турат. Алар да тергөө абагынын кармоо шарттарына жана укук коргоо кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразычылыгын билдиришкен жок. Кызматкерлердин айтымында, өзүнчө эки камерада кармалып турган өспүрүмдөрдүн арасында мурда соттолгондор жок.
Кармалып тургандардын арасында өмүр бою эркинен ажыратылгандар жок. Андан ары, акыйкатчы абактын коомдук тамактануу бөлүмүнүн шарттары, ошондой эле күзөт имаратынын жалпы абалы менен таанышты.