Кошумча туумдун жокко чыгышы. Жактоочу айдоочуларды кызыктырган суроого жооп берди

Өлкөдө 28-февралдан тартып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы (Укук бузуу кодексинин 177-180-беренелерине жана 182-200-беренелерге салынган айып пулдар) эреже бузууларга салынган кошумча туумдар жокко чыккан. Демек, буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөгөн учурда, ага карата кошумча туум кошулчу. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.

Жактоочу Шердор Абдыкапаров «Мурунку айыптарды туум менен кошо төлөгөм, ошол акчаларымды кайра кайтарып алсам болобу?» дегендерге жооп берди.

Анын айтымында, кайтарып алууга болбойт. Ал эми айып пул мурда салынып, азыркыга чейин төлөнбөй турган болсо, алардын тууму кечээ толугу менен алып салынды.