Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейд учурунда “Жекелик” каналынын корук аймагын тосуп алган үйгө кирип, канал жээгин ачууну айткан учурда, үй ээси, кыздарын турмушка узатып жатканын, той жакын экенин, андан кийин бузуп берүүнү суранды.
Мэр Жеңишбек Токторбаев жакшылык болуп жаткандыктан макул болуп, эгиз кыздардын тоюна эки муздаткыч белек кылууну убадалаган. Рейддик кыдыруудан соң мэрдин белеги эгиз кыздардын үйүнө мэрдин атынан жеткирилип берилип, кыздардын апасына тапшырылды.