«Кошунамдын ыплас кылыгынан кийин кызым 14 күн психиатриялык ооруканада жатты» дейт эне

«Сезим» кризистик борбору Сокулук районунун тургуну, жалгыз бой эне арызданып келгенин айтып, окуясы менен бөлүштү.

Даттануучунун айтымында, анын 9 жашар кызына 43 жаштагы кошунасы бир топ убакыттан бери сексуалдык ыдык көрсөтүп, көргөн жерден кармалап, оозунан өпкүлөп, кучактап, бура бастырбай жүргөн. «Биз көптөн бери кошуна жашайбыз. Киришип-чыгышып эле жүргөнбүз. Алардын 3 баласы менен кызым чогуу ойноп эле чоңоюп келе жаткан. Жумушум кеч бүткөндүктөн көп учурда ошолордукуна калтырып кетчүмүн. Декабрь айында кошумча акча керек болуп, түнкүсүн иштешим керек болду. Оюмда эч нерсе жок мурдагыдай эле кызымды калтырдым. Бир күнү үйгө кетип баратсак, кызым кусуп, жөтөлүп, какап-чакап эле калды. Мен адегенде тумоолоп калса керек деп ойлдодум. Кийин алардыкына такыр баргысы келбей, ыйлактап баштады. Акырын сурасам кошуна мени кармап алып, оозумду жалап, тилин оозума тыгып, өпкүлөй берет деди. Барып коңшуларга айтсам, «Жөн эле кызымдай көрүп, эркелетип өөп койгом. Кечирип койгула» десе, аялы ошол жерден эле «эч кимге айтпагыла» деди. Кызым ошондон кийин уйкусу бузулуп, түн ичинде онтоп, окшуп, ыйлап ызы-чуу кылгандан дагы сурадым. «Кызым баарын айтып берчи» десем, «биз уктап жатканда байке мени башка жакка жаткырып, оозуман соруп, ич кийимимди чечип, уят жеримди кармалады» деди. Уккан кулагыма ишенбей, Сокулук РИИБге арыз жаздым. Участкалык инспектор шектүүнү чакырды. Кызым кошунаны көрөрү менен ыйлап кирди. Кечинде аялы экөө кечирим сурап, арызды алып коюумду суранышты. Макул болгон жокмун. Кызымдын кан басымы көтөрүлүп, чүнчүп уктай албай калды. Дарыгерлер ооруканага жатышы керектигин айтты. Экспертиза дайындалды. Кызым ошол психиатриялык ооруканада 14 күн жатып дарыланды. Азыркы учурда кызым экөөбүздүн жашообуз коркунучта», — деп айтылат маалыматта.