Космонавт Салижан Шарипов Ысык-Көлгө эс алуу үчүн учуп келди

Салижан Шарипов эс алуу үчүн Ысык-Көлгө учуп келди. Бул тууралуу  «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Биринчи жана азырынча жалгыз кыргыз космонавты Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортуна конгон. 

«Мекендешибизди Кыргызстанда дайыма жылуу тосуп алууга даярбыз. Ысык-Көлдө жайкы эс алууну жакшы өткөрүүнү каалайбыз!» — деп айтылат маалыматта.