Космонавт Сергей Корсаков космоско эмне үчүн Кыргызстандын желегин ала барганын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде — Космонавтиканын эл аралык күнүндө орусиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Космос станциянын бортунда жеке буюмдарга чектөөлөргө карабастан, ал өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.

Сергей Корсаков мамлекет башчысына 2022-жылдын 18-мартында «Союз МС-21» космостук кемеси тарабынан алып келинген жана 2022-жылдын 29-сентябрына чейин экспедицияны коштоп жүргөн, анын тумары болгондугун тастыктаган, космос станциянын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырды.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Сергей Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды. Ал ошондой эле космонавтка мындан аркы ийгиликтерди каалап, эстеликке белектерди тапшырды.