Космонавт Сергей Корсаков: «Кыргызстан жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде — Космонавтиканын эл аралык күнүндө орусиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту.

Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 Аалы Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кеменин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Мамлекет башчысы Сергей Корсаковду жылуу тосуп алып, ал атактуу мекендештерин алар үчүн жакын болгон, туулуп-өскөн кичи мекенинде — Кыргызстанда дайыма кубануу менен тосуп аларын белгиледи. «Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», — деди президент.

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн дагы бир жолу туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык жана кубаныч экенин белгиледи. «Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», — деди космонавт.