Космосбек Чолпонбаев жүрөгүнө операция жасатууга муктаж

Саламаттыкты сактоонун мурдагы министри Космосбек Чолпонбаев жүрөгүнө операция жасатууга муктаж. Бул боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси Акпай Сарыбаев билдирди.

Сарыбаев “Чолпонбаевдин жүрөгүнө стент орнотуу талап кылынууда. Бул бекер эмес. Биз анын абалы өтө оор болгонуна байланыштуу, СИЗОдон алып чыгып, ооруканага жаткырганбыз. Эгер ал бүгүн-эртең операцияга керектүү каражат маселесин чечпесе, биз аны СИЗОго кайтарууга аргасыз болобуз. Чолпонбаев каржы маселеси бүгүн, шейшемби күнү табыларын билдирген. Бирок бүгүн эс алуу күнү болгондуктан, ал иш эртеңкиге калтырылды” – дейт.

Эске салсак, 22-октябрда Чолпонбаевдин жүрөгүндө маселе жаралып, ооруканага түшкөнү маалым болгон. Ал сентябрда шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча менен кылмыш иши козголгон.