Костюмчан көчөт отургузган Ош облусунун башчысы сынга калды

Бүгүн, 5-апрель күнү Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүндө 500 түп арча жана 100 түп ак кайың көчөтү тигилди. Ага президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Социалдык тармактын колдонуучулары Зиядин Жамалдиновдун журналисттерди алып барып, костюм шымчан көчөт отургузганын талкуулап жатышат.