«Ковид учурунда күнүнө 40-50 сөөктү союп жаттык» дейт патологоанатом

SUPERTV телеканалынын “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул жолу патологоанатом кесиби менен тааныштырабыз. Каарманыбыз Атыр Абылова 8 жылдан бери Бишкек шаардык өлүкканасында иштейт.

«Ковид учурунда бир суткада 40-50 сөөктү союп жаттык. Мындай күндөрү 8ден 5ке чейин иштесек, ошол учурда күнү-түнү иштеп жаттык. Ал учурда бул жерде бир да бош жерген калган жок. Коридордун баарында 2 катардан сөөк жатып атты. Баскандай жер калган эмес. Жаңы оору тарап жатканда бизден корутунду керек болуп жатты, ошол учурда бир да өлүктү калтырбай союу боюнча буйрук чыккан. Баарын союп жаттык»,- деди ал.