«Көзүн таңып, эртеси күнү эле Түркияга алып кетишкен». Орхан Инанды аны Бишкектен кантип уурдашканын айтып берген

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Бишкектен кыргыз улутундагы үч адам уурдаган. Андан соң эртеси күнү Түркияга алып келишкен. Бул тууралуу ал Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмазга билдирген. Мындан тышкары, Орхан Инандынын адвокаты анын Кыргызстанда кандайча кармалып, Түркияга алып келингени тууралуу «Азаттыкка» айтып берген. Адвокаттын айтымында, Орхан Инанды Бишкектен кантип уурдалганы жөнүндө көп деле маалымат билбейт.

«Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргыз улутундагы киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт. Кармап көзүн таңышыптыр. Андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт. Казакстанбы, Кыргызстанбы, Тажикстанбы билбейт. Бирок кара жол менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышып, эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Бирок кайсы өлкөнүн аймагы аркылуу чыгарылганын көзү таңылуу болгон үчүн билбейт», — деди адвокаты.