Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин айланасындагы темир тосмолорун алышты. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан маалымдашты.
Бул иш-чара «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлдү.