«Краш» атыгып кеткен чек ара кызматкери: «Болочоктогу жубайымдын улуту маанилүү эмес»

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тараган. Видео элге кеңири жайылып, андагы жигит көпчүлүк кыздарды суктандырып, “краш” атыккан эле. Ал — лейтенант Эламан Жунушалиев. Биз дал ошол жигитти маекке чакырдык. Каарманыбыз интервьюда өзү, кесиби, жеке жашоосу жөнүндө айтып берди.

«Мага болочоктогу жубайымдын улуту маанилүү эмес. Эң негизгиси жакшы адам болсо болду. Мен адамдын келбетине деле карабайм, эң негизгиси адамдык сапат»,- деди ал.

«Солдат генерал болууну кыялданышы керек» деген туура эле сөз. Мен деле генерал болуп калышым мүмкүн. Мен 5 жыл иштөөгө келишим түзгөм. Кимдир-бирөө мекенди коргош керек да. Биз болбосок ким?»,- деп суроо салат ал.