«Краш» атыгып кеткен чек ара кызматкери кесиби тууралуу айтып берди

Баткенде Тажикстандын кол салуу учурунда УКМКнын Чек ара кызматы «бир сантиметр жерибизди да бербейбиз» деп айтылган видео жарыялап, андагы чек арачы «краш» атыгып кеткен.

Чек ара кызматкери кесиби тууралуу айтып берди. Лейтенант Эламан Темиров бул кесипке жүрөгү каалап келген. Ушундан улам да, ойлонбой эле Баткенге 14-сентябрда жөнөп кетип, 16-сентябрдан тарта абал тууралуу кагылышуу болгон позициялардан айтып берип турган. «Анын «бир сантиметрди да бербейбиз» дегени чек арачылардын жүрөгүндө жаңырып жатты. Биздин жердин бир сантиметри берилген жок… Бирок ордуна жер алардын өмүрүн алып кетти….» — деп айтылат маалыматта.

Ал буга чейин соцтармактагы баракчасында катталуучуларына өзүн тааныштырып, өзү тууралуу айтып берген. Эламан 22 жашта. Чүй облусунун Токмок шаарында чоңойгон. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Түрк лицейинде окуп, Орусиядан аскердик университетти аяктап келген. Үйлөнө элек.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чек ара кызматынан билдиришкендей, жигит Чек ара кызматынын маалымат кызматында иштейт.