«Краш» атыгып кеткен чек ара кызматкери: «Видео көңүл бурдурат деп ойлогон эмесмин. Мен ага татыктуу эмесмин»

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тараган. Видео элге кеңири жайылып, андагы жигит көпчүлүк кыздарды суктандырып, “краш” атыккан эле. Ал — лейтенант Эламан Жунушалиев. Биз дал ошол жигитти маекке чакырдык. Каарманыбыз интервьюда өзү, кесиби, жеке жашоосу жөнүндө айтып берди.

«Баткенден Бишкекке 27-сентябрда келдим. Негизи Бишкекте эле кызмат өтөйм. Баткенге иш сапар менен 15-сентябрда баргам. Чек арадагы чыр 16-сентябрда башталып кетти. Видео саат 10:00 чамасында тартылган. Мен жетекчиликке маалымат бергем. Ал убакта ойлонгонго убакыт жок болду. Өзүм деле абдан нервденип тургам. Анан жетекчиликке жөнөттүм. Алар чыгарып коюшуптур. Бул күтүүсүз болду. Ошол видео ушунча көңүл бурдурат деп ойлогон эмесмин. Мен ага татыктуу эмесмин. Анткени ал жакта татыктуу жигиттер жүрдү», — деди ал.