Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тараган. Видео элге кеңири жайылып, андагы жигит көпчүлүк кыздарды суктандырып, “краш” атыккан эле. Ал — лейтенант Эламан Жунушалиев.
Жунушалиев социалдык тармактагы баракчасында кезектеги сүрөттөрү жана видеосу менен бөлүштү. Ал буга чейин да көпчүлүктү суктанткан сүрөттөрү менен бөлүшүп турчу.