«Краш» атыккан чек ара кызматкери: «Я тебя люблю», «Тиштериңиз тизилип турат экен» деген каттар пайда болду»

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тараган. Видео элге кеңири жайылып, андагы жигит көпчүлүк кыздарды суктандырып, “краш” атыккан эле. Ал — лейтенант Эламан Жунушалиев. Биз дал ошол жигитти маекке чакырдык. Каарманыбыз интервьюда өзү, кесиби, жеке жашоосу жөнүндө айтып берди.

«Видео тараганга чейин 250 катталуучум бар болчу. Азыр 32 миңден ашып калыптыр. Жеке катка жазгандар өтө көп болуп жатат. Кызмат өтөп жатканда телефон колдоно албайм, ар бирине жооп берүү мүмкүн болбой калат. «Я тебя люблю» деген каттар пайда болуп калыптыр. Дагы бир кыз жазды, өзү тиш доктурдукун окуйт экен, «сиздин тиштериңиз тизилип турат экен, ошол үчүн мага жактыңыз, сүйлөшүп туралы» деп жазды. Мен абдан таң калдым», — деди ал.

Жигит ага кызыгып жаткан кыздарга өзү тууралуу айтып берди. «Токмоктон болом. Ал жакта түрк лицейинде окугам. Лицейди бүтүп, 2017-жылы Москвага окууга кеттим. Ал жерде аскердик журналистиканы 5 жыл окудум. Быйыл бүттүм окууну. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Эки иним бар. Атам пенсионер. Мурда милицияга иштеген. Апам мамлекеттик кызматкер. Боюм 190 сантиметр. Жашым 22де. Бизде биринчи орунда кызмат. Учурда бойдокмун. Сүйлөшкөн кызым барбы же жокпу ал сыр», — деди ал.