«Кредиттер боюнча элди кырып албагыла». Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү

Бүгүн, 17-апрелде Өкмөт үйүнүн алдына 50дөн ашуун аял чогулуп, алар кредиттерди төлөөдөн бошотууну, үйлөрүнө коюлган арестти алууну жана банктардын кара тизмесинен чыгарууну талап кылышты. Митингге чыккандардын айтымында, кредит — бул финансылык кулчулук жана тукум курут кылуу. Мындан улам, алардын бала-чаксы чет жакта иштөөгө мажбур экенин билдиришти.

«Кредиттик жана ипотекалык каникулду талап кылабыз. 6 айдан 12 айга чейин. Биздин укугубуз бар. Мыйзам калкка иштебейт«, «Бийлик бизди уккула! Майыптар, көп балалуу, аярлуу катмардын карыздарын жойдуруп бергиле», «Кредиттер боюнча элди кырып албагыла» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.