«Криминалдар «дань» сурап келсе, кайрылгыла». УКМК эскертүү жарыялады

УКМК ИИМ менен биргеликте эскертүү жарыялады. «Кимде-ким криминалдык топтор менен коюн-колтук алышып, бирге бизнес кылып, бизнеси менен бөлүшүп, же ай сайын бизнесинен «отметка» кыла турган болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет.

Эгер кокус эле бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар «дань» сурап келе турган болсо, анда дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп-тамыры менен жок кылабыз! Мындан ары Кыргызстанда криминалдык топ деген түшүнүк болбойт», — деп маалымат таратып, телефон номурларды бөлүштү.

Телефондор:

УКМК 0312 66-04-75; 62-65-04.
УКМКнын аймактык башкармачылыктары:
• Чүй облусу — (0312) 54-07-19;
• Жалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49;
• Ош облусу: — (03222) 2-30-78;
• Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80;
• Талас облусу — (03422) 5-20-43;
• Нарын облусу — (03522) 5-08-49;
• Баткен облусу — (03622) 5-00-33.