«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Кырсык болгон жерде иштеген делген Кыргыз жараны тирүү

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги тарабынан Москвадагы трагедия болгон күнү «Крокус Сити Холл» имаратында эмгектенген эки Кыргыз жаранын издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Элчиликтин кызматкерлери медициналык мекемелерге жана моргдорго барууларды, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүлөрдү жүзөгө ашырууда, ошондой эле изделип жаткан жарандардын туугандары менен туруктуу байланышта болууда. Мындан тышкары, Кыргыз жараны Шерзодбек Тургунбаев тууралуу маалымат келип түшкөнүнө байланыштуу элчилик ыкчам тартипте туугандары менен байланышка чыккан. Белгилүү болгондой акыркы жылдары аны менен эч кандай байланыш жок.

22-мартта Крокуста иштеген Кыргыз жарандарынан алынган маалыматка ылайык, Шерзодбек Тургунбаев аттуу жаран буга чейин кырсык болгон жерде иштеген эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, жаран тирүү экендиги аныкталды. Элчилик Кыргыз жаранынын жүргөн жерлерин тактоодо.