«Крокуста» эрдик көрсөткөн жигиттер Мамлекеттик Думага чакырылат. Арасында Ислам да бар

«Крокус сити холлдогу» теракт учурунда адамдардын өмүрүн сактап калган жигиттер Мамлекеттик Думага чакырылат. Бул тууралуу үй-бүлөнү коргоо комитетинин башчысы Нина Останина билдирди.

Алардын арасында Ислам Халилов, Никита Иванов, София Майер, Артем Донсков жана башка жигиттер бар экени айтылды. «Достор! Мен 22-мартагы каргашалуу күнү «Крокуста» эч нерседен коркпой, кайраттуу иштерди жасаган жигиттердин ысымдарын угуп жатам. Биз бул эр жүрөк балдарды жана кыздарды сөзсүз түрдө ата-энелери менен бирге Мамлекеттик Думанын комитетине чакырабыз», — деп жазган ал.