«Крокуста» жүздөгөн адамды куткарып калган Исламга кыргыз футболчулары белек беришти

Москвада болгон теракт учурунда жүзгө жакын адамды куткарып калган кыргызстандык Исламга Кыргызстандын Улуттук курама команданын оюнчуларынын кол тамгалары түшүрүлгөн футболка тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

«Футболканы тапшыруу идеясын курама команданын капитаны Валерий Кичин сунуштаган. Капитан жакында эле Ислам менен телефон аркылуу маектешип, анын кылган эрдиги үчүн жалпы команданын атынан ыраазычылык билдирди», — деп айтылат маалыматта.