«Крокуста» жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам Орусиядагы жогорку окуу жайда бекер окууга мүмкүнчүлүк алды

22-мартта Москвадагы «Крокус сити холлдо» көп сандаган адамдын өлүмүнө алып келген терактта жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам Халилов Орусиянын университетине окууга грант алды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.

«Ислам Халилов эң жогорку мааниде достукту көрсөттү. Эгер сен тааныбаган адамдар үчүн жаныңды берүүгө даяр болсоң, бул адамдыктын туу чокусу», — деди Кыргызстандын Орусиядагы элчиси. 

Буга чейин Ислам Халиловго Орусиянын мусулмандар диний башкармалыгын башчысы Равиль Гайнутдин медаль тапшырган.