«Крокус сити холлдогу» 22-мартта болгон кандуу окуяда элди сактап калган Ислам Халилов баштаган үч өспүрүмдү Орусиянын президенти Владимир Путин «Өлүм алдындагыларды куткаргандыгы үчүн» медалы менен сыйлады.
Буга чейин Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова Ислам Халиловду теракт учурунда адамдарды сактап калгандыгы үчүн сыйлаган. Кийин Орусиянын мусулмандар диний башкармалыгын башчысы Равиль Гайнутдин медаль тапшырган болчу.