«Крокуста» жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Исламдын атасы Орусиядагы кыргызстандыктарга кайрылды.
«Эртең, 29-мартта Москванын борбордук мечитине 1-2 сапка ак калпакчан болуп, бир сапта жума намаз окуйлу, келип берүүңүздү суранабыз», — деди атасы Бактияр.
Маалыматка караганда, эртең, жума күнү Москвада борбордук мечитте кыргызстандык Исламга Орусиянын муфтийи тарабынын сыйлык тапшырылат.