Москвада болгон теракт учурунда жүзгө жакын адамды куткарып калган кыргызстандык Ислам Халилов Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Өрт учурундагы куткаруу үчүн» медалы менен сыйланды.
Бул сыйлык өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарда кайраттуулукту жана берилгендикти көрсөткөн адамдарга берилет.
2024-жылы Халилов Москванын четиндеги «Крокус Сити Холл» борборунда болгон терактта 100дөн ашуун адамды куткарууга жардам көрсөткөн. Ислам Халилов баштаган үч өспүрүмдү Орусиянын президенти Владимир Путин «Өлүм алдындагыларды куткаргандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.
Ошондой эле Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова Ислам Халиловду теракт учурунда адамдарды сактап калгандыгы үчүн сыйлаган. Кийин Орусиянын мусулмандар диний башкармалыгын башчысы Равиль Гайнутдин медаль тапшырган болчу.