«Крокуста» жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Исламга медаль тапшырылды

22-мартта Москвадагы «Крокус сити холлдо» көп сандаган адамдын өлүмүнө алып келген терактта жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Ислам Халиловго Орусиянын мусулмандар диний башкармалыгын башчысы Равиль Гайнутдин медаль тапшырды.

Буга чейин ага Москвада борбордук мечитте Орусиянын муфтийи тарабынын сыйлык тапшырылары маалымдалган.