«Крокустагы» кандуу окуя: Эмгек министрлиги жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган кыргызстандыктарга Ардак грамота тапшырды

28-март күнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Жаркынай Галиева Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында кайгылуу окуя болгон күнү жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууда көрсөткөн эрдиги, кайратмандыгы жана каармандыгы үчүн Кыргыз жарандары Халилов Ислам Бактияровичке, Бакытбеков Рустам Бактыбековичке, Каныбеков Белек Курманбековичке министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкүлчүлүктүн жетекчиси министр Гүлнара Баатырованын атынан жаштарга, ошондой эле алардын ата-энелерине баатыр жана жан аябас уулдарын тарбиялаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ислам Халиловдун, Рустам Бактыбековдун жана Белек Каныбековдун эрдиги, чыныгы эр жүрөк жана татыктуу муун өсүп келе жатканын ырастай турганын белгиледи.