22-мартта Орусиядагы «Крокус сити холлдогу» кандуу окуяга катышып, окуя тууралуу айтып берип жаткан Белек аттуу өспүрүмдүн видесу тарады.
Ал жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Ислам менен 5-6 жылдан бери тааныш, дос экенин айтты.
«Мен 22-мартта жумушка келдим. Саат 20:00 чамасында атышуунун үнүн уктум. Эмне болуп жатканын башында түшүнгөн жокмун. Мен адамдарга акырын сүйлөсөм, эч ким уккан жок. Анан кыйкырууга туура келди. Гардеробдо 1500дей кишини эшикке чыгарып, акырында өзүм чыктым», — деди ал.