КТРКга жаңы директор шайланды

Бактияр Алиев Байкоочу кеңештин 11 мүчөсүнүн добушу менен Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору болуп шайланды.

Алгач телеканалды жетектөөгө 15 адам талапкер болгон. КТРКнын мурунку директору Жайнак Үсөн уулу октябрь айындагы окуялардан кийин кызматынан кеткени маалым.

42 жаштагы Бактияр Алиев “финансы жана кредит” багыты боюнча жогорку билим алган, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ. 2009-жылдан 2020-жылга дейре «КТРКнын Республикалык телерадио борбору» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп келген.