КТРКнын башкы директору кызматына сынак убактылуу токтотулду

КТРКнын башкы директору кызматына сынак убактылуу токтотулду. Бул тууралуу телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, экс-директор Жайнак Үсөн уулунун жумушка калыбына келтирүү боюнча доо арызы менен сотко кайрылган. Ошол арыздан улам Ленин райондук сотунун чечиминин негизинде сынак убактылуу токтотулду.

Ошондой эле Керимбаев Байкоочу кеңеш буга чейин жарыялаган сынакка 15 арыз келип түшкөнүн, алардын баардыгы экинчи турга өткөндүгүн айтты.

6-октябрда Жайнак Үсөн уулу КТРКнын башкы директорлугунан кеткен. Байкоочу кеңеш өзүнүн мүчөсү Жылдыз Бакашованы башкы директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган эле. Бирок кийинчерээк КТРКда убактылуу жетекчинин орду бир нече жолу алмаштырылганы маалым.