Кубанычбек Ажыбаев: «Болот Назаровду тойго мен жиберген эмесмин»

Журналист Олжобай Шакирдин социалдык тармактагы билдирүүлөрүнөн кийин ырчы, тамада Кубаныч Ажыбаев ага жалган жалаа жабылып, такталбаган маалымат таратылып жатканын айтып чыкты.

«Болот Назаровду ат-башылык жигит тойго жибериптир. Аты Кубаныч экен деп жалаа жаап жатат. Менин Болот Назаров менен аласам-бересем да жок. Тойго аны мен жиберген дагы эмесмин. Мен Нарын районунанмын. Мен тойго барсам, үйдө Болот Назаров отуруптур. Барып учураштым. Мен ырдаганы келгенимди айтсам, ал дагы ырдай турганын айтты. Мен барганда той баштала элек болчу. Анан Нарынга кетейин деп жатсам, үйгө кирип тамак ич дешти. Кирдим. Чай, тамак ичтим. Анан кетейин деп бара жатсам, артымдан чыкты. Мен чучук, казы-карта жеп алып кетип калгам», — деди ал.

Буга чейин милициядан төкмө акындын ат уурдоого шектелип кармалганын маалымдашканБолот Назаровдун эжеси да инисинин иш-чарага чакырылганын билдирди.